Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Брюсселде Хорватия, Кипр, Нидерланддар, Бельгия, Словакия жана Финляндиянын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
ТИМдин маалыматына ылайык, тараптар саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, Абакиров чет өлкөлүк өнөктөштөрдү 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.



