Бүгүн, 19-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы мектептен өрт чыкты.
ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 08:48де Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнүн бир бөлүмү тартылган. Кошумча күч катары саат 08:55те Жумгал райондук №43 өрт-куткаруу бөлүмүнөн дагы бир бөлүм жөнөтүлгөн.
Жалпысынан эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 10:20да чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.



