Бишкекте ачылган жаңы вакцина кампасы бир убакта сакталуучу препараттардын көлөмүн 14–20 миң дозадан 200 миң дозага чейин көбөйтүүгө, ошондой эле ташуу чыгымдарын азайтып, вакциналарды талапка ылайык сактоого шарт түзөт.
Бул тууралуу «Кабар»агенттигине Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.
Анын айтымында, кампа оң жана терс температуралык режимдеги муздаткычтар, ошондой эле кондиционер системасы менен жабдылган.



