Кыргызстандын Экономика министрлиги менен БУУнун “Аялдар” түзүмү аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кызматташат.
Бул багытта экономика министринин орун басары Беназир Нурланова менен “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик меморандумга кол коюшту.
Анын алкагында аялдардын каржы булактарына, рынокторго жана инвестицияларга жетүүсүн жакшыртуу, ошондой эле аялдар жетектеген ишканаларды колдоо каралган.



