Бишкекте “Кыргызжолтрансдолбоор” сыноо лабораториясында жол курулушунда колдонулган материалдардын сапаты текшерилет.
Транспорт министрлиги маалымдагандай, лабораторияда кум-шагыл аралашмасынын курамы, тыгыздыгы жана бекемдиги, асфальттагы битумдун көлөмү, ошондой эле жолдон алынган керн үлгүлөрүнүн калыңдыгы жана сууну сиңирүү деңгээли аныкталат.
Алынган көрсөткүчтөрдүн негизинде жол курулушунда колдонулган материалдардын сапатына баа берилет.



