7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштанды чыгаруу акциясы: Бир күндө Бишкекте 198 тонна таштанды чыгарылды

3

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясынын биринчи күнүндө 198 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда шаарда таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын биринчи күнү жыйынтыкталды.

Таштандыларды чыгарууга жалпы 35 атайын техника тартылды.

“Күн ичинде борбор калаанын төрт районунда тең ”Тазалык“ муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгаруу иштерин жүргүзүштү.

Мындай масштабдуу акциянын негизги максаты — шаар тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү”, — деп белгилешти мэриядан.

4