7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин четинде 114 гектар аянтка Улуттук ат спорту комплекси курулат

2

Бишкек шаарынын мэриясы Сокулук районундагы Белек айылына жакын жерде Кыргыз Республикасынын Улуттук ат спорту комплексин куруу долбоорун ишке ашырууга киришти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 114 гектар аянтты ээлеген комплексте ат чабыш жана башка жарыштар үчүн 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром (орундардын санын дагы көбөйтүү каралууда), ошондой эле көк бөрү оюндары үчүн 25 миң орундуу өзүнчө арена салынат. Мындан тышкары, машыгуу аянтчалары, жылкыларды багуучу жайлар, ветеринардык жана административдик имараттар, соода-сатык жана туристтик түйүндөр курулат.

Жердин үстүңкү бөлүгүн жашылдандыруу жана сейилдөөчү жайларды түзүү максатында, унаа токтотуучу жайды жер алдына куруу маселеси каралууда. Курулуш иштери менен катар аймактагы учурдагы бак-дарактарды максималдуу сактап калуу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жанаша жайгашкан конуштардын канализация, жылытуу тутумдарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

21-ноябрда өткөн көчмө жыйында подряддык уюмга курулуш техникаларынын санын көбөйтүү жана иштин сапатын мыйзам талаптарына ылайык катуу көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

3