Бишкектин А. Бакаев жана Б. Миңжылкыев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы кайра жанданды.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда айдоочулар бул тилке аркылуу тоскоолдуксуз өтүп жатат. Ошондой эле калаа жетекчилиги билдиргендей, эми Бакаев көчөсүн түштүк магистралга чейин узартуу иштеринин кийинки баскычы старт алат.



