Ош шаарындагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген “Сулайман-Тоо” музей комплексин реконструкциялоо ишинин биринчи этабы башталды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, ага Маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Оңдоо иштери “Аймактык экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, музейдин шарттарын жакшыртууга жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган.



