7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2027-жылы ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт

6

Россияга болгон иш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында 48 маселе каралып, соода, өнөр жай, энергетика жана экономикалык кызматташтык талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга жүктөлөрү белгилүү болду.

Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө органикалык продукциянын сертификаттарын өз ара таануу боюнча макулдашуунун долбоору жактырылды. Ошондой эле тиричилик химиясы жана жуучу каражаттардын коопсуздугу боюнча бирдиктүү талаптарды камтыган техникалык регламент кабыл алынды. Ал 2032-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

7