“Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолугушуу өткөрдү
Жолугушуунун жүрүшүндө Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнө жаңы эл аралык аба каттамдарын ачуунун келечеги талкууланды. Алардын катарында Милан, Франкфурт, Берлин, Париж, Будапешт, Прага, Лондон, Брюссель, Токио жана Сингапур шаарлары да бар.
Талкуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ жаңы аба каттамдарын ачуу жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдө таанытуу боюнча биргелешип иш алып барууну камтыйт.



