Кыргызстан чет өлкөдөн кайтып келген мигранттарды жумуш менен камсыздоо жана ишкерликке тартуу боюнча тажрыйбасын Стамбулда өткөн эл аралык жыйында тааныштырды.
Миграция министрлигинин маалыматына ылайык, министрдин биринчи орун басары Арлен Алиясов Будапешт процессинин алкагындагы иш-чарада өлкөнүн бул багыттагы иштерин баяндады.
Ошондой эле 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы кабыл алынганын белгиледи. Анын максаты мекенине кайтып келген жарандарга жумуш табууга, ишкерлик баштоого жана коомго кайра ыңгайлашууга көмөк көрсөтүү.




