Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында саркынды сууларды айлана-чөйрөгө төгүү боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, текшерүү жергиликтүү тургундун арызынын негизинде жүргүзүлгөн. Анда саркынды сууларды айлана-чөйрөгө төгүү фактылары көрсөтүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө арызда айтылган маалыматтар тастыкталып, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулганы аныкталган.
Натыйжада эки административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 20 миң сом айып пул салынды.



