ӨКМдин маалыматына караганда, Совет айылынын 65 жаштагы тургуну 27-ноябрда жоголгон жылкысын издеп Шайдан-Сай жайлоосуна чыгып, кайтып келген эмес. Эртеси куткаруучуларга кабар берилген.
29-ноябрда издөө иштерине 81 адам тартылган. Куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар анын сөөгүн саат 10:04тө Чикир тилкесинин чыгыш тарабындагы колоттон табышкан.



