7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядан Бишкекке беш мультидиагностикалык мобилдик клиника келди

1191

Мобилдик клиника «Ford» маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга чиркелген. Клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараты, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле операциялык бөлүмү бар.

Алар Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен макулдашуунун алкагында берилүүдө.
Буга чейин аталган клиникаларды Нарын облусуна жайгаштыруу пландалганы айтылган. Бирок акыркы кырдаалга карата Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен эртең 6-майда Баткенге сапар алат.

Макулдашууга ылайык, беш жыл аралыгында мобилдик клиниканын иши, айлык акы, медицина кызматкерлеринин тамак-ашы, дары-дармек менен камсыздоо жана башка чыгымдар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Кабарчы: Нуржан Султанбекова. (Сюжет кечки жаңылыктарда.)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1192