7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

25 жаштагы келин 9 эмди жарык дүйнөгө алып келди, абалдары жакшы

27155

Батыш Африкадагы Малинин тургуну бир эле учурда тогуз эмди жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайлардын бешөө кыз, төртөө эркек. Эне-балдардын абалдары жакша жана өздөрүн жакшы сезип жатышат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Халима Сиссе Малинин борбору Бамакодогу ооруканада эки жума жаткан, марттын аягында өлкөнүн президенти Ба Ндаунун жарлыгы менен Мароккодогу клиникага которулган.

Ымыркайлар кечээ, 4-майда жарык дүйнөгө келишкен. Халиме Сиссе ымыркайларды кесарево жолу менен төрөгөн. Ал эми мындай сүйүнүчтүү кабарды жеңиш деп баалаган Малинин саламаттыкты сактоо министри Фанта Сиби, 9 ымыркайдын жарык дүйнөгө келишине чоң салым кошкон эки өлкөнүн медициналык адистерин куттуктап, ыраазычылык билдирген.

Франс Пресс агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын энеси 25 жашта. Бир нече жумадан кийин алар Малиге кайтып барышат.

Ошол эле учурда, Марокконун Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Рашид Кудхари бир эле учурда тогуз баланын төрөлүшү жөнүндө эч кандай маалыматы жоктугун айткан.

(Иллюстративдик сүрөт)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

27156