7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ахметов Токиодо өтө турчу олимпиада оюндарында калыстар тобуна мүчө болот

616

Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодо өтө турчу олимпиада оюндарында калыстык милдетти аркалайт. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бириккен күрөш дүйнөсү Олимпиадада оюндарды тескей турчу 50 кишини бекиткен. Реферилерди тандоо процесси эки жылга созулуп, катуу талаптар коюлуп, добуш берүү жүргөн. Талапкерлердин буга чейин калыстык кылган турнирлерине өзгөчө көңүл бурулган.

Эскерте кетсек, Ахметов бир топ балбанды тарбиялаган. Шакирттеринин бири Канат Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алып кайткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617