7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскар Акаев Тогуз-Тородогу «Макмалдан» 2 тонна таза алтын алып чыгып кеткен

1792

Аскар Акаев Тогуз-Тородогу «Макмал Голд Компаниден» 2 тонна алтын алып чыгып кеткенби? Бул суроонун жообун Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Анын айтымында, Аскар Акаев Кыргызстандан чыгарып кеткен 2 тонна алтын «Макмалда» өндүрүлгөн.

«Менин оюмча 2 тоннадан ашык болсо керек, 2, 5 тоннадай болду го. Анткени, «Макмалдагы» алтын кымбат, тазаланган эмес, 80 пайыздан ашыгы алтын, калганы кошумчалар. Ошону учакка жүктөп, эч жерде каттоого алынбай, бажыдан текшерилбей, Швейцарияга алып кеткен. Ал жакта Нанаевдин күйөө балдары жашап, байланыш бар болчу. Бул ишке катышкандар көп. «Макмалдын» ал кездеги директорунун азыр көзү өтүп кетти. Башка дагы бир топтор бар, аттарын атабай турайын. Алар Акаевге жардам беришип, алтынды мүшөктөп ташыгандарын өздөрү айтып беришкен. Бриштейнди Акаев алып келип, Акүйдүн 7-кабатынан кабинет берип, инвестиция боюнча жетекчи кылып, ал турмак айлык да төлөсө керек эле. Менин оюмча, мунун баары текшерилет, бүгүнкү бийликке ишеним бар. Түштүк Кореяга окшоп, мурдагы президенттердин мамлекетке жасаган кыянаттыгы өз баасын алып, атуу жазасына тартылышы да мүмкүн. Алардын урук-тууганы жашаган үйлөргө белги да коюлушу керек. Акаев «Кумтөргө», «Камекого» барып беш күн жоголуп кеткени эсиңерде барбы? Эс алуу болду да. Бул накта сатылуу десек да болот», — дейт Айбалаев.

Макмал кени Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Бишкек шаарынан 630 км алыстыкта ​​жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2350-2800 метр бийиктикте.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1793