7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Биздин жоокерлердин тайманбастыгы — душмандардын мизин кайтарат!

499

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады.

«Жолдош жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер! Жолдош офицерлер жана генералдар! Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктайм!

Биздин армия — биздин ишенимдүү чебибиз. Өлкөбүз Куралдуу күчтөрдүн коргоосунда турат.

Кыргызстандын аскер күчтөрү мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган ар кандай аракеттерди толугу менен токтотууга даяр! Биздин жоокерлердин тайманбастыгы жана эр жүрөктүүлүгү сырткы душмандардын мизин кайтарарына бекем ишенем.

Сиздердин мойнуңуздарга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Дал ошол себептен мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана республикабыздын конституциялык түзүлүшүн ишенимдүү коргоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскердик потенциалын жогорулатышыбыз керек.

Биз эки багытка көңүл бурушубуз кажет. Биринчиден, армияны тоолуу шарттарда аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн толук даярдалган жана технологиялык жактан жабдылган атайын бөлүктөрдүн принциби боюнча уюштуруу, экинчиден, чек ара аймактарында жашаган калктын мобилизациялык жогорку даярдыгын камсыз кылуу жана аскердик коркунучтарга, кол салууларга каршы олуттуу күчтөрдү топтоо үчүн элдик кошуундарды түзүүгө өтүү.

Мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири — кесипкөй аскер кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатуу максатында аскер кызматчыларын кепилденген жана толук социалдык камсыздандыруу. Бул чара аскер кызматкерлеринин жашоо деңгээлин жана сапатын жакшыртууга өбөлгө болот.

Мамлекет Куралдуу күчтөрдүн аскердик күжүрмөндүгүн андан ары бекемдөө үчүн бардык аракеттерин жумшайт.

Ардагерлердин жана ардагерлер уюмдарынын жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча ишмердигин баса белгилеп кетким келет. Урматтуу ардагерлер! Жаш офицерлер, сержанттар жана жоокерлер сиздерди карап түздөнөт. Сиздердин зор эмгегиңиздер, бай тажрыйбаңыздар жана чыдамдуулугуңуздар үчүн биз чексиз ыраазыбыз.
Мекенди коргоо — чыныгы эр-азаматтардын сыймыктуу милдети!

Биз сиздер менен сыймыктанабыз!

Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздердин аркасында бейпилдикте жашап, эртеңки келечегибизге ишенимдүү карайбыз! Кызматыңыздар үчүн рахмат айтабыз!», — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоо сөзүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500