7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Беларусиядагы «Минск трактор заводуна» барды

723

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусиянын Минск шаарына иш сапарынын алкагында Минск трактор заводуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал заводдо чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты.

«Улукбек Марипов биздин өлкөдө Беларус тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди. Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду. Ошондой эле Улукбек Марипов Чынгыз Айтматов атындагы паркка барды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

724