7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5-июнда Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөрүн мэрия эскертти

697

Бишкектин айрым аймактарында 5-июнда саат 8:00дөн 22:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жайгашкан турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүш объектилеринде суу үзгүлтүккө учурайт.

— Ауэзов — Шабдан Баатыр көчөлөрү (Чүй проспектиси) — темир жол линиясы — «Учкун» конушунун аягына чейин;
— Исакеев — Шабдан Баатыр — Ауэзов — Ч. Валиханов көчөлөрү;
— Л.Толстой көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына чейин;
— «Н. Төкөлдөш» (7-апрель көчөсү — темир жол линиясы — Менделеев көчөсү).

Эскерте кетсек, «Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууларын өтүнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698