7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тик учак кырсыктаган аймакка үч тез жардам бригадасы чыгып кетти

1028

Аскердик тик учак кырсыктаган аймакка үч тез жардам бригадасы чыгып кетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Малыматка ылайык, министрлик кырсыкка байланыштуу Ош облусунун Ноокат районунун Кичи-Алай аймагынан чакыруу түшкөнүн маалымдады.

Ноокат райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун орун басары Эртабылды Көккөзов маалымат түшөрү менен үч тез жардам бригадасы жөнөтүлгөнүн айткан. Алар ооруканага жеткирилгенден кийин кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, коргоо министрлиги МИ-8 МТ аскердик тик учагы авариялык абалда конууга аргасыз болгонун тастыктады. Бортто 10го чукул адам болгон. Алдын ала маалымат боюнча үч киши жеңил жаракат алган, алар медициналык жардамдан баш тартканы айтылат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1029