Кыргызстанда жалпы 86 миң 883 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 2 миң 546 адам алган. Алардын ичинен 1 миң 735ине экинчи доза сайылган.
Аймактар боюнча алганда:
— Бишкекте – 21 миң 306;
— Ошто – 6 миң 932;
— Чүй облусунда – 14 миң 413;
— Ош облусу – 11 миң 859;
— Ысык-Көл облусу – 8 миң 200;
— Талас облусу – 4 миң 315;
— Нарын облусу – 4 миң 506;
— Жалал-Абад облусу – 11 миң 541;
— Баткен облусу – 3 миң 811.
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.
Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.