7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Ипотекалык компания ортомчулуктан кетип, реалдуу иштерди жасаш керек

790

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Анда ипотекалык компаниянын маанилүү милдети катары жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо болуп саналаары  айтылды.

«Сунушталган программага ылайык, пайыздык босого 4% чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алынып салынган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алуу алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси – каржылоо булактарын аныктоо зарыл. Компания «ортомчулук» кылуудан кетип, уюмдун ишинин принцибин толугу менен өзгөртүүсү тийиш. Негизги максат –жарандар иш жүзүндө жеткиликтүү турак-жайды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү тийиш», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдиргендей, турак-жайды ижарага алуу менен кийинчирээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791