7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БУУ эл аралык баңги бизнеси менен күрөшүүдө УКМКга жардам бермек болду

810

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана БУУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолугуп, уюшкан кылмыштуу топтордун баңги бизнесине каршы күрөшүү, коррупция, терроризмге жана кибер кылмыштарга каршы кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Кыргызстандын тарыхында жалпы салмагы тоннадан ашык героин жана баңгизаттарынын башка түрлөрүнүн ири көлөмдө кармалышын, ошондой эле акыркы 6 ай ичинде коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү чөйрөсүндө чуулгандуу камакка алуулар, жогорку багыттагы күрөштүн көрсөткүчү болуп саналаарын белгилеп кетти.

Андрей Селезнев Кыргызстандын ушул жетишкендиктеринин маанисин тастыктап, УКМКнын демилгелерине керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун директору полковник Жаныбек Жоробаев, жолугушуунун катышуучуларына киберкоопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында «КиберПарк» түзүү жөнүндө айтып өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811