Бүгүн, 23-июнь Президент Садыр Жапаров борбор калаада ишкерлер менен жолугуп, бизнес чөйрөнүн көйгөйлөрүн угууда. Анда, меценад «Дордой» ассоцаициясынын президенти Аскар Салымбеков, мамлекеттик текшерүүчүлөргө карата нааразычылыгын билдирди.
«Бизнести колдоо максатында 2008-жылы түзүлгөн «Мамлекеттик жеке өнөктөштүк» программасы бар. Ошондон бери болгону 2,3 эле долбоор ишке ашты. Мамлекет катышкан жерге, текшерүүчүлөр келе берип тажатат экен. Мисалы биз, Маданият министрлигине таандык «Пионерлер үйү» делген жерди, кароосуз, таштандыга толуп турган кезинде алып түздөп, футбол комплектсин түзүп койгон элек. Маданият министрлиги жыл сайын алмашат. Ар бир келгени, «Бул жерге маданият үйүн салат элек, театр салат элек деп прокуратурага арыздана берип, 15 жылдан бери текшерүүдөн бошобойбуз. Ал жерде миңдеген балдар форма кийип, өлкөнүн спорт тармагына салым кошуп жатат. Мен жеке үй куруп алган жокмун. Миллиондогон акчаларымы салып, конфет кылып койсом, эл бузарлар жазып, анан элек текшерип жатып калышат«-дейт ишкер.
Салымбеков Президентке чыныгы армияңыз бизнесмендер. Ошолорду жалкоолордон коргосоңуз, өлкөнүн өнүгүшүнө салымы чоң болоорун эскертти. «»Мен башында турам», — деп койсоңуз, булар тоону томкорот» дейт.
Ал ошону менен бирге Ат-Башыдагы логистикалык борборду курууга бут тосуулар болуп, инвесторлор кетип калганын билдирди. Анын баарына эл бузарлар күнөөлүү экендигин айтты.