7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары митинг өткөрүүдө

621

Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтарынын митинги өтүүдө.

Малыматка ылайык, митингге 100дөй адам чогулган. Алар депутаттарга саясий куугунтук болуп жатканын айтып, эл өкүлдөрүн эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат.

Белгилей кетсек, ушу тапта Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун жактоочуларынын апелляциялык арызынын негизинде бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселе каралууда.

Эске салсак, эки парламентарий Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622