Президент Садыр Жапаровдун бүгүн ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Бул жыйында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов Министрлер кабинетинде 250 инвестициялык долбоор бар экенин билдирди.
Ал энергетика, айыл чарба тармагында даярдалган 50 долбоорду ишкерлерге сунуштады.
Шыкмаматов Камбар-Ата ГЭСи, Каракол кичи ГЭСтери жана Таластагы соода-логистикалык борборду куруу үчүн даярдалган долбоорлорду тааныштырды.
Анда ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу тууралуу айтылат.
Эске салсак, 29-январда президент Садыр Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.