Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралды.
Анын жыйынтыгында депутат УКМКнын абагында камакта калтырылды.
Маалыматка ылайык, Төрөбай Зулпукаров — Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарындагы коррупция фактысы боюнча күнөөлөнүүдө. Ал 31-майда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Бүгүн Т.Зулпукаровдун тарапташтары аны бошотуу талабы менен митингге чыгышты.