7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто шайлоо комиссиясынын төрагасы алмашты. Мурдагы төрага «айлык аз»,- деп баш тарткан

832

Урмат Тологонович Аттокуров Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Ал М.Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинин проректорлук кызматын аркалаган.

Ош ТИКтин курамы май айынын соңунда эле түзүлгөнүн эске алсак мурдагы төрага Кушубак Ниязбеков 1 жарым ай гана иштеди. Кызматтан кетүүсүнүн себебин, айлык маянанын аздыгынан ээлеген кызмат ордунан баш тарттым деп  » Турмуш» басылмасына билдирген.

«Айлык маяна 3500 сом, бирок колго 2750 сом тиет. Менин кошумча жумушум же бизнесим жок болгондуктан, өз каалоом менен арыз жазып кетүүнү туура көрдүм«,-деген.

Ал эми БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов Аймактык комиссия өткөн шайлоону таза өткөрө албагандыгы үчүң таратылгандыгын билдирет.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы 12 адам.  Саясий партиялартарабынан сунушталгандар.

  • Эркинов Азамат Чолпонбаевич —  «Ынтымак»;
  • Сариева Гулаим Жаанбаевна — «Республика» ;
  • Жумабаев Тынчтыкбек Ырысбекович — «Мекен Ынтымагы»;
  • Эрмеков Кыялбек Кубанычбекович — «Улуттар биримдиги»;
  • Шаванов Таалайбек Камалович —  «Ыйман Нуру»;
  • Жусупова Зарема Зайлабидиновна —  «Бир-Бол»;

Муниципалдык башкармалыктан сунушталган курам;

  • Муратов Абдижалил Абдыразакович —
  • Буранова Елена Ивановна,
  • Ниязбеков Кушубак Мамашович,
  • Маматов Кудайберди Төлөнович,
  • Абдуллаева Чинара Турарбековна,
  • Аттокуров Урмат Төлөгөнович.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833