Урмат Тологонович Аттокуров Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Ал М.Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинин проректорлук кызматын аркалаган.
Ош ТИКтин курамы май айынын соңунда эле түзүлгөнүн эске алсак мурдагы төрага Кушубак Ниязбеков 1 жарым ай гана иштеди. Кызматтан кетүүсүнүн себебин, айлык маянанын аздыгынан ээлеген кызмат ордунан баш тарттым деп » Турмуш» басылмасына билдирген.
«Айлык маяна 3500 сом, бирок колго 2750 сом тиет. Менин кошумча жумушум же бизнесим жок болгондуктан, өз каалоом менен арыз жазып кетүүнү туура көрдүм«,-деген.
Ал эми БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов Аймактык комиссия өткөн шайлоону таза өткөрө албагандыгы үчүң таратылгандыгын билдирет.
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы 12 адам. Саясий партиялартарабынан сунушталгандар.
- Эркинов Азамат Чолпонбаевич — «Ынтымак»;
- Сариева Гулаим Жаанбаевна — «Республика» ;
- Жумабаев Тынчтыкбек Ырысбекович — «Мекен Ынтымагы»;
- Эрмеков Кыялбек Кубанычбекович — «Улуттар биримдиги»;
- Шаванов Таалайбек Камалович — «Ыйман Нуру»;
- Жусупова Зарема Зайлабидиновна — «Бир-Бол»;
Муниципалдык башкармалыктан сунушталган курам;
- Муратов Абдижалил Абдыразакович —
- Буранова Елена Ивановна,
- Ниязбеков Кушубак Мамашович,
- Маматов Кудайберди Төлөнович,
- Абдуллаева Чинара Турарбековна,
- Аттокуров Урмат Төлөгөнович.