Сузак районунун 6 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.
Азыркы учурда облус аймагында ЭММКАК багытында 551 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 491 адам «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.
Ошондой эле 6 айда мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 381 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, облус аймагында жыл башынан тартып 10 адам каттоодон чыгарылган.