7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Жогорку Кеңеште ипотека, лотерея, кылмыш-жазык кодекстери жана КТРКнын отчёту каралат

557

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чингиз Дуйшенкулович Макешовдун ант берди.

2. “Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

3. “2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.04.21деги № 145 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

4. “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Осмонова А.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 197 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

6. “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Асылбаева Г.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 28.04.21деги № 175 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

8. “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Башкы прокурор) (баардык комитеттер караган);

9. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Башкы прокурор) (баардык комитеттер караган);

10. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Башкы прокурор) (баардык комитеттер караган);

11. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Башкы прокурор) (баардык комитеттер караган);

12. Кыргыз Республикасынын башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Башкы прокурор) (баардык комитеттер караган);

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 31.12.19дагы № 735 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

14. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558