Бүгүн Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн 170 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Алардын маалыматы боюнча:
— №2 клиникалык төрөт үйүндө – 3;
— №1 шаардык клиникалык оорукада – 8;
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 1;
— Онкология жана гематология улуттук борборунда – 3;
— Республикалык наркология борбору – 3.
“Бүгүнкү күндө кошумча 152 орундук Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда даярдалды”, — деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалыматты стационарлар картасында көрсөтүлгөн телефон номерлер аркылуу билсе болот.