7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент мыйзамга кол койду. Эми бейөкмөт уюмдар салык кызматына отчёт тапшырат

631

Президент Садыр Жапаров  “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”  мыйзамдарга  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамда, коммерциялык эмес уюмдардын салык органына жыл сайын каражаттардын булактарын, алардын кайсыл багыттарга сарпталганы тууралуу, ошондой эле сатып алынган, колдонулган жана ээликтен ажыратылгандыгы жөнүндө жалпыланган маалыматтарды жыл сайын берип туруу милдети каралган.

Бул мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орнотуу болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632