14-июлга карата 1 миң 398 бейтаптан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек – 773, Ош – 67, Чүй облусу – 177, Ош облусу – 73, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 15, Ысык-Көл облусу – 52, Жалал-Абад облусу – 111, Баткен облусу – 119 жаңы учур катталган.
Баардыгы болуп бир сутка ичинде 1 миң 398 жаңы учур аныкталды. Ал эми өлкө боюнча жалпы 143 миң 668ге жетти.