7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги селден 50 кожолук турак жайсыз калып, чатырга көчүрүлдү

1303

Кечээ, 20-июль Баткендин Кадамжай, Баткен, Лейлек 3 районунда жамгырдан кийин турак үйлөрдү сел каптаган. Жеринен кабар берип жаткан 7-каналдын кабарчысы Айжамал Мырзадөөлөт кызы сел 107 үйдү каптагандыгын, анын ичинде 50 турак жай тап-такыр жараксыз абалга кептелгендигин кабарлайт.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан турак жайсыз калган 50 кожолук коопсуз жайга тигилген чатырларга көчүрүлүп, убактылуу жашоо үчүн тамак-аш менен камсыз болгон.

Келтирилген чыгымдарды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлүп тактоо иштери жүрүп жатат. Азырынча сел 146 турак жайдын короосун каптап, гектарлаган дыйкан талааларды жууп кеткендиги, 9 авто унаа шагыл астында калгандыгы маалым.

Айттырбай келген кырсык 1 жарандын өмүрүн алды. Жергиликтүү бийликтин айтымында ал мектеп окуучусу, окуя болгон учурда үйдүн ичинде болгон.

Эске салсак июль айынын 6,12 июль күндүрү да Баткен районунда катуу сел жүрүп, 27млн 659 мин сомдук зыян алып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1304