7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алардын максаты — акча! ИИМ табыптарга, көзү ачыктарга ишенбөөгө чакырат

839

Ички иштер министрлиги табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбөөгө чакырат.
Министрликтин басма сөз кызматы, алар адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар-деп белгилейт.

«Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты сиздин ден соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз. Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өз тузагына илишет. Чындыгында, аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз«, — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги сиз же сиздин досторуңуздун ден соолугунда көйгөйлөр жаралса, медициналык мекемелерге кайрылууну сунуштайт.

«Эгер сиз жагымсыз жагдайга туш болуп калсаңыз, анда бул жөнүндө ишенген жакындарыңызга, досторуңузга же атайын психологго айтып бериңиз. Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз же кылмышка күбө болсоңуз, дароо милицияга «102» телефону аркылуу байланышыңыз«, — деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

840