7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө 30 жыл салым кошкон кызматкерлерге 1 млн. сом берүү мыйзамы сунушталды

5132

Президенттик администрация «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамын өзгөртүүнү сунуштады. Анда кызматкерлер үчүн жаңы кепилдиктер каралды.

23-беренеде кызмат адамдарына кошумча дем берүү максатында мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун колдонору жазылган.

Учурда колдонулуп жаткан мыйзамда алкыш жарыялоо жана башка сыйлыктарды берүү гана каралган. Ал эми жаңысында ага кошуп мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 30 жыл жана андан көп иштеген адамдарга 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөө сунушталууда. Бул соңку убакта иштеп жаткан мекеме тарабынан берилет. Мындан сырткары, мындай категориядагы кызматкер бюджеттин (республикалык жана жергиликтүү) эсебинен өмүр бою медициналык тейлөө менен камсыздалат. Ал акыркы иштеген жери боюнча таризделет.

Ал эми кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ден соолугуна зыян келтирилип же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калса ага 500 миң сом өлчөмүндө бир жолку компенсация төлөнөт.
Кызматчы өлтүрүлгөн же кесибине байланыштуу ооруга кабылып, же ден соолугуна келтирилген зыянга байланыштуу каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку компенсация берилет.

Азыркы колдонуудагы мыйзамда компенсациянын суммасы өкмөт тарабынан аныкталары жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5133