7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков Кумтөр долбоору боюнча сурак берди

1029

УКМК мурда маалымдагандай, Кумтөр долбоору боюнча, Ведомстволор аралык тергөө тобу 2017 -жылы Кумтөр долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады.

Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу, кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017 -жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын 12-августунда күбө катары суракка чакырылды. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган бардык айыпталуучулардын аракеттери, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан, объективдүү юридикалык баа берилмекчи.

УКМК С.Жээнбеков менен тергөө аракеттерин улантарын белгилейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1030