13-августка карата коронавирустан дагы жети бейтап каза болуп, 646 бейтап илдеттен сакайып чыккан. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Ал эми акыркы бир суткада 468 адамдан жаңы учур аныкталган.
- Бишкек шаарында – 262,
- Ош шаарында – 3,
- Чүй облусунда – 72,
- Ош облусунда –12,
- Талас облусунда – 8,
- Нарын облусунда – 12,
- Ысык-Көл облусунда – 37,
- Жалал-Абад облусунда – 37,
- Баткен облусунда – 25.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 283 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 668 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 238 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 161 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 433 адам каза болду.