Ош шаарында Республикалык бюджеттен курулуп жаткан 4 мектептин курулушу каражат маселесинен улам токтоп турат. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттен каржыланган бала бакча жана кошумча курулуштарда иш кызуу жүрүп жатат.
Бул тууралуу, кечээ 12-августта Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйынында айтылды. Жалпы 8 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат.
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов айрым кичи шаарчалардагы канализация маселесин чечүүнү тездетүү керек экендигин билдирди. Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан үйлөргө канализацияларды киргизүү иштери боюнча долбоор даярдалып, шаардык кеңештин отурумунда ыкчам карап чыгуу зарыл деп кошумчалады.