7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров окуучулардын акча чогултуусуна караманча каршы. Демилге кимдики?

1257

Садыр Жапаров билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Белгилей кетсек, мекеменин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келет. Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат.

Мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин сөздөрүндө бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек. Мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу жасалган бардык аракеттер дароо билдирилип турушу зарыл.

Президент Садыр Жапаров окутуунун заманбап ыкмасын колдонуу менен билим берүү тутумун өркүндөтүп, аны эффективдүү кылуу керектигин көп жолу баса белгилеген. Ошол эле учурда башталгыч жана жалпы орто билим алуу баарына бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу керек», — дейт Эрбол Султанбаев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1258