Быйыл, 2021-2022- окуу жылы өлкөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу 15 күн кийин башталат. Бул мамлекеттик балдар бакчасы, жалпы мектептер жана жогорку окуу жайларга да тиешелүү.
Маалыматты бүгүн, 13-август Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү маалымат жыйында билдирди. Тактап айтканда, бала бакча, мектеп ЖОЖдордо окуу 15-сентябрдан башталат. Мындан улам ЖОЖдорго кабыл алуу 10-сентябрга чейин уланат.
Министрлик берген маалыматка ылайык, чет өлкөдөн билим алууну көздөгөн абитуриенттерге, биздеги окуу жылынын кеч башталышы терс таасирин бербейт. Министрликтин өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташкан чет элдик ЖОЖдор менен тыгыз иштешип жатат.