Ала-Букада эки кабаттуу мал сарайдын чатыры толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун Ак-Там айылындагы Өзгөрүш көчөсүндөгү жайгашкан жалпы аянты 60 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу мал сарайдын чатыры толугу менен күйгөн, ошондой эле сарайга жыйылган 200 түк чөп жана 2 тонна саман күйгөн.
«Өрттү өчүрүүгө №73 ӨКБнөн 1 бөлүм тартылып. саат 22:21 курчоого алынып жана саат 23:00да толук өчүрүлдү. Өрт электр зымдарынын кыска чагылуусунан улам келип чыккан», — деп берилет маалыматта.