7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан кийинки жумадан «Спутник V» вакцинасын чыгарып баштайт

574

Ташкенттеги Jurabek Laboratories компаниясы Орусиядагы Н.Ф. Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология борборунун сапат көзөмөлүнөн өтүп, кийинки жумадан тарта «Спутник V» вакцинасын чыгарары жарыяланды. Бул тууралуу компаниянын директору Фаррух Лутфуллаев орусиялык маалымат каражаттарына билдирген.

Анын айтымында, компания өндүргөн вакцинанын сапаты боюнча аны иштеп чыккан Орусиядан оң жооп алган.

Жакында бул компания Орусиядан чийки затты алып келип, вакцинаны өндүрүштүк көлөмдө чыгара баштайт. Буга чейин Москва менен Ташкент Өзбекстанда орусиялык вакцинаны өндүрүп чыгаруу боюнча макулдашууга жетишкени кабарланган.

Быйыл жыл башында Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанда дагы чыгарылышы мүмкүн экени айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575