7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайдын Көлдүк айылына көлдөн суу тартуу иштери башталды

663

Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылында таза суу тартуу иштери башталды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Анарбек Кулов билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдын эли буга чейин таза суудан кыйналып келишкен.

«Таза суу тартуу иштери элдин демилгеси менен эле уюштурулуп кетти. Биз техника жагынан жардам берип жатабыз. Көлдүк айылында Курт-Көл деген көл бар. Ошол көлдөн түшкөн сууну айылга тартып келүүнү көздөп, казуу иштери башталды. Аталган көлгө чейин 9 чакырым жер казылып, суу сүтүктөрү тартылат. Учурда 4 чакырым казылып калды. Чет элдик демөөрчүлөр менен да сүйлөшүп, алар суу түтүктөрүн алып бере турган болушту. Буюрса жакынкы күндөрдө Көлдүк айылы да таза суу менен камсыз болуп калат», — деди ал.

Көлдүк айылынын эли буга чейин Чий-Талаа айылынан тартылган суудан ичип келишкен. Сел түшкөн мезгилде суу келбей, кыйынчылык жаратып келген. Аталган айылда жалпы 2100 эл бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664