7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштун борбордук аянтына жөө жүргүнчүлөр үчүн фонтандарды куруу пландалууда

523

 Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардын борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу долбоорунун алдын ала эскизи менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

«Шаардын борбордук аянтында шаардыктардын кечинде эс алуусу үчүн тиешелүү шарттар болбогондуктан, бул жерге жөө адамдар үчүн фонтандарды курууну пландап жатабыз. Болжолдуу түрдө ар бир объекттин өлчөмү 20х10 м. Аба ырайы ысык болгондо чоңдор да, балдар да фонтандын жанында сейилдеп, эс алууларын көңүлдүү өткөрө алышат. Учурда курулуштун долбоорун даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бюджетке күч келтирбеш үчүн, бул долбоорду биргелешип каржылоо программасынын алкагында бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен бирге ишке ашыруу демилгеси көтөрүлүүдө. Ишти долбоор даярдалып, сметасы бекитилгенден кийин баштайбыз. Мындай фонтан Кыргызстандын эч бир жеринде жок», — деди Алмаз Мамбетов.

Планга ылайык, фонтандар Лениндин эстелигинин эки тарабына курулуп, айланасына улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн, суу өткөрбөй турган брусчаткалар коюлат.

Долбоорду даярдоого Бишкектен тиешелүү эксперттер чакырылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524