7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нью-Йорк соту Кумтөр ишин кароого чогулган жок, себеби айтыла элек

1102

Бүгүн Нью-Йорк сотунда «Centerra Gold Inc» компаниясынын банкрот деп таануу тууралуу арызын карай турган сот отуруму болгон жок. Азырынча себеби айтыла элек. Бул маалыматты булактарына шилтеме берүү менен «Tazabek» жарыялады.

Бүгүнкү күндө Кумтөр кени боюнча эки соттук териштирүү жүрүп жатат.  «Центерра» 16-майда Швециянын арбитраждык сотуна кайрылган. Ошондой эле Нью-Йорк эл аралык сотуна «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоо жөнүндө өтүнүч келтирген. Учурда баары Нью-Йорк сотунун чечимин күтүп жатышат.

«Центерра» биздин өлкөдө катталган «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоону көздөп жатат. Эгерде бул маселе «Центерранын» пайдасына чечилсе, анда Кумтөр кениндеги жумуштарды токтотууга аргасыз болобуз», — дейт Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова.

Анын айтымында, Нью-Йорктогу сот процесси соңуна чыкмайынча, «Кумтөр Голд Компани» компаниясына байланыштуу башка сот чечимдери күчүнө кирбейт.

«Мисалы, бүгүнкү күндө 260 млрд сомдук санкция боюнча соттун өкүмү токтоп турат. Бардык чечимдер токтотулду. «Центерра» бардык жактан тоскоолдук жаратууда. Тышкы башкаруучу тарабынан бардык чечимдер тоңдурулду. Себеби, «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоо өтүнүчү канааттандырылса, анда алтын кендеги ишти токтотуш керек болот», — деди Кутманова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1103