7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шарынын мэриясы Индиялык инвесторлор менен тери завод ачууну көздөйт

1103

Бүгүн, 18-август Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун багыттары тууралуу баарлашты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда мэр С. Болотбеков Нарын шаарына инвесторлорду тартуу жана кызматташуу боюнча атайын инвест кеңеш түзүлгөндүгүн жана Индия мамлекети менен өнөктөштүктө бир катар долбоорлорду ишке ашырууну жакынкы күндөрү сунуштай тургандыгын билдирген.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында Нарындын аймагында терини, жүндү кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, Индия мамлекетине дары чөптөрду, сары майды жана балды экспорттоо талкууланып, өзгөчө аялдарды жана балдарды колдоо багытындагы иштерге көңүл буруу белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1104